Кыргызстанда 1 миллион 800 миң адам коронавируска каршы вакцина алды

Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 1 164 адам коронавируска каршы эмделди.

Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда республикалык штаб билдирди.

Алардан:

— 915 адам биринчи доза менен,

— 749 киши экинчи доза менен эмделди.

Жалпысынан Кыргызстанда биринчи доза менен 1 013 544,

экинчи доза менен 787 033 адам эмдөөдөн өткөн.