Кыргызстандагы менчик медициналык лабораториялар кызмат акысын арзандатты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим лабораториялардын өкүлдөрү менен жолугушууда кабыл алынган. Анда айрым жайлар бардык анализдердин баасын 30%га чейин төмөндөтө турган болсо, реагенттерди жеткирүүчүлөр бааны 15%га чейин түшүргөнү айтылат.
Ошондой эле, мамлекеттик медициналык мекемелердин дарыгерлеринин жолдомосу менен барган бейтаптарга кызмат көрсөткөн лаборатория менен 50%га чейин арзандатуу боюнча макулдашылган.