Чүй облусунда да вируска кабылгандар азайды

Чүй облусунда да вируска кабылгандар азайды.

Мындан улам 2 күндүзгү стационар гана иштеп жатат, — деди өкмөттүн облустагы өкүлүнүн

биринчи орун басары Элкинбек Ашырбаев. Анын айтымында, пандемия катталгандан бери

2 мин 742 орундуу 244 күндүзгү стационар уюштурулган. Калгандары ишин убактылуу токтотту.

Коронавирустун экичи толкуну башталса алар байтаптарды кабыл алууга даяр. Эске салсак,

буга чейин Бишкекте, Ош, Нарын жана Талас облусундагы стационарлар ишин токтоткон.