Ысык-Көл облусунун Сан-Таш айылында таза суу системасы курулду.
Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, айыл тургундарына таза суу чыгаруу иштерине жалпысынан 9 миллион 200 миң сом жумшалды.
Жыйынтыгында, суу түтүктөрү ар бир үйгө өткөрүлдү. Кийинки техникалый тейлөө муниципалдык ишканага жана айыл-өкмөтүнө өткөрүлдү.