Кыргызстанда пенсиялык реформадан кийин орточо пенсиянын суммасы 15 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев парламентте билдирди.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө 1 — 1,5 миң сом пенсия алгандар бар. Учурда ушул минималдык пенсияны оптималдаштыруу иштери жүрүп жатат. Андан кийин эң төмөнкү пенсия 3 миң 170 сомго жетет деп пландалууда.
Мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыккандар азайса, орточо пенсия дагы көтөрүлөт, — деди Алиев.