Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Тиешелүү токтом долбоорду министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды.

 

Маалыматка ылайык, пенсияны 50 пайызга көтөрүү үчүн жалпысынан 3 миллиард 83 миллион сом талап кылынат.

 

Соңку маалымат боюнча, өлкөдөгү пенсионерлердин жалпы саны 670 миңден ашат. Социалдык фонддон билдиришкендей, жогорулатуудан кийинки минималдуу пенсия Кыргызстанда 7 миң 200 сомду түзүп калат.