Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө 2 миллион 700 миң сом сарпталат

Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө 2 миллион 700 миң сом сарпталат.

Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, бул каражатка концерттик программанын жүрүшү жана

майрамдык фейрверк каралды. Учурда Ала-Тоо аянтында жасалгалоо иштери аяктады. Чүй — Манас,

Чүй — Абдрахманов, Манас — Ахунбаев көчөлөр кесилиштерине майрамдык элементтер орнотулду.

31-августта аянтта медициналык тез жардам кызматы жана  өрт өчүрүү унаасы болот.

Ошондой эле милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт.