Кыргызстанда коронавируска кабылган медицина кызматкерлерине төлөмдөр бериле баштады.
Тиешелүү буйрукту саламаттыкты сактоо министрлиги берди. Иш учурунда вируска чалдыккандарга
200 миң сомдон берилет. Ал эми ковидден каза тапкан медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө
1 миллион сомдон ыйгарылат. Компенсация быйыл 11-январга чейин документтерин
тапшыргандарга гана жеткиликтүү болот. Бүгүнкү күндө 190 дарыгерге каржат которулду.