Кыргызстанда 15 мектептин курулушу Бирдиктүү депозиттик эсептен которулган каражатка жүрүүдө

Кыргызстанда 15 мектептин курулушу Бирдиктүү депозиттик эсептен которулган каражатка жүрүүдө.

 

Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, өткөн жылы курулуш иштерине 284 миллион сомдон ашык бөлүнгөн. Учурда ошол акча колдонулуп жатат.

 

Күтүлгөндөй, жакынкы арада ошол эле депозиттик эсептен дагы каражат которулат.