Жалпы республикалык тестирлөөгө киргендер атайын жабдуу менен текшерилет

Жалпы республикалык тестирлөөгө киргендер атайын жабдуу менен текшерилет. Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькова novosti.kgге билдиргендей, бул бүтүрүүчүлөр сынакка телефон жана башка техниканы алып кирбеши үчүн жасалууда.

 

Гаджет тестирлөөгө чейин табылса, аны координаторго берүү керек. Эгер телефон сынак учурунда табылса, бүтүрүүчү аудиториядан чыгарылып, тестирлөөгө кайра киргизилбейт.