Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы өттү

Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы өттү. Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, өлкө боюнча 117 тест борбору бүтүрүүчүлөрдү кабыл алууда. Аларда дезинфекция иштери жүргүзүлүп, окуучулар ортосунда коопсуз аралык сакталып жатат.

 

Ар бирине санитайзерлер тапшырылып, беткаптар улам алмаштырылууда. Негизги жалпы республикалык тестирлөө 25-июнга чейин өтөт.