Казакстандан миң тонна буудай үрөнү келет.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, учурда жүк вагондорго толук жүктөлдү жана биринчи партиясы 2-мартка чейин жеткирилет.
Буудай үрөн чарбаларына жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө 4,5 пайыздык чен менен 300 миң сомго чейин күрөөсүз эки жылдык мөөнөт менен берилет.