Кыргызстанда 9 айда козголгон кылмыш иштеринин 56 пайызы ачылды

Ички иштер министрлиги  кезектеги коллегиясын өткөрүп, быйылкы тогуз айда жасаган ишинин жыйынтыгын талкуулады. Жыйында ички иштер министринин 1-орун басары Адыл Бийбосунов менен орун басары Сүйүнбек Ниязбеков аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 2022- жылдын тогуз айында ИИМ тарабынан 34 миң 226 кылмыш иши козголгон, бул жалпы кылмыш иштеринин 93,3 % түзөт. Козголуп, өндүрүшкө алынган кылмыш иштеринин ичинен 18 миң 259унун же 56,1% бети ачылган. 14 124 кылмыш иши сотко өткөн.

Коллегияда ички иштер министри Улан Ниязбеков милициянын ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады. Министр милициянын алдында «коркунучу жок жашоо шартын түзүп, жарандар өздөрүн коомдук жайларда, көчөлөрдө жана кайсы жерде гана болбосун ээн-эркин сезүүсүн калыптандырууга карата шарттарды бириктирип, “Коопсуз мамлекет” баскычына чыгуу» турганын белгиледи.

Ниязбековдун маалыматында, быйыл кылмыштуулук мурункудан тең жарымына азайган. Ага ылайык, жалпы кылмыштуулук 48% кыскарып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12%, алдамчылыктар 23%, коомдук жайда жасалган кылмыштар 18% төмөндөгөн. Жол кырсыктары 8% азайып, каза болгондор 21%, жараат алгандар 5% төмөндөгөн.

Министрдин маалыматына караганда быйыл үй-бүлөлүк зомбулук 13% кыскарып, зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын саны 15% азайган.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлады.

 

Акыркы эки жылда бир нече ирет кыргызстандык активисттер жана укук коргоочулар министр Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылып, митингге чыгышкан. Алар ИИМде тийиштүү реформа жүрбөй, аялдарга жана балдарга зомбулук күч алганын айтып чыгышкан.

Быйыл сентябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Ош облусунда эл менен жолугушуп жатып, милициянын дарегине ачуу сын айткан. Ал айрым райондордо отчеттуулук үчүн кыйноо фактылары көп болуп жатканын, мунун натыйжасында чыныгы кылмышкерлер табылбай жатканын сындаган. Баш прокурор милиционерлер көчөдө мушташканына өзү күбө болгонун айтып, чара көрүүнү тапшырган.