Оштун комендатурасы азык-түлүктү соода түйүндөрүнө жеткирүүдө көмөк көрсөтөт.
Аймактын коменданты Малик Нурдинов билдиргендей, товар ташуучулар арыз менен комендатурага кайрыла алат. Анын кызматкерлери азык-түлүктү карантин эрежелерин сактоо менен түйүндөргө жеткирип берет.
Белгилеп кетсек, Ош шаарында, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды.