Жогорку окуу жайга кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт

Жогорку окуу жайга кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт.

 

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин адиси Айнура Асан кызы билдирди. Ал эске салгандай, мындай тажрыйба 2 жылдан бери колдонулуп келе жатат.

 

Абитуриент 2020.edu.gov.kg порталында каттоодон өтүп, жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификатындагы номерди жана паспорт маалыматын жазышы керек. Андан кийин телефонго жеке кабинетке кирүү укугун бере турган логин жана сыр сөз менен билдирүү келет. Жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгү 5-июнда ачылат.