Кыргызстанда айрым жапайы жаныбарларга мергенчиликке тыюу салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Медетбек Маметов билдирди.
Анын айтымында, эми камандарга, Марко Поло койлоруна, эликтерге, деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийиктиктеги карышкырларга, тоо аркарларына жана уларларга аңчылык кылууга болбойт.
Мындай тыюуну 2023-жылдан 2026-жылга чейин киргизүү пландалууда. Министрликте тиешелүү документтер даярдалып жатат.