Кыргызстандык футболчулар жыл ичиндеги спорттук жетишкендиктери үчүн сыйланат. Футбол федерациясынын маалыматына ылайык, иш-чара 7-декабрда өтөт.
Сыйлыктар 10 номинация боюнча берилет, алардын арасында “Мыкты футболчу”, “Футзал боюнча мыкты оюнчу” жана “Мыкты машыктыруучу” наамдары бар.