Жамбылдагы аскер бөлүктө чыккан өрттөн  60тан ашык адам жабыркады

Жамбылдагы аскер бөлүктө чыккан өрттөн  60тан ашык адам жабыркады.

Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

​Кырсык бүгүн кечинде катталды. Объект Кыргызстанга чектеш

Байзак районунда жайгашкан. Акыркы маалыматтарга караганда,

өрттүн бир бөлүгү өчүрүлдү, жалпысынан алты жарылуунун үнү чыккан.

Эң катуу болгону видеого тартылып калган. Окуянын күбөлөрү Тараз шаарын

көздөй учкан снаряддарды да көргөнүн айтат.

Кырсык катталган жерге жакын жашаган жергиликтүү тургундар коопсуз

жайларга көчүрүлүүдө. Коргоо министри менен ӨКМ башчысы окуя болгон

жерге кетишти. Президент Касым-Жомарт Токаев жарылуу фактысы

боюнча кылмыш иши козголгонун, темир жол байланышы токтотулганын билдирди.

Таразда кырсыктан улам жолдо узун автоунаа тыгыны пайда болгон.