Нарын облусунда “Босого” экологиялык көзөмөлдөө түйүнү ачылды. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, түйүн күн батареялары, ноутбук, эки видео камера жана ыкчам байланыш үчүн спутникалык телефон менен камсыздалган.
Өткөрүү-түйүнү аркылуу күн сайын 3 миңден ашык унаа өтөт, эми машинелер тууралуу бардык маалымат каттоого алынат. Күтүлгөндөй, бул браконьерлерге жана жаныбарларды мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүүгө жардам берет.