Ордо калаанын Алыкулов көчөсүндөгү темир жол аркылуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Ордо калаанын Алыкулов көчөсүндөгү темир жол аркылуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жол эртең таңкы саат 8ден кечки 5ке чейин жабылат.

 

Мындай чара Сокулук – Бишкек-1 каттамындагы оңдоо иштерине байланыштуу. Жол толугу менен тосулбайт, бирок тыгындар жаралса, айдоочуларга Садыгалиев көчөсү альтернативалык вариант катары сунушталат.