Жалал-Абаддын бир катар мектептеринде билим берүү кадимки режимде башталат

Жалал-Абаддын бир катар мектептеринде билим берүү кадимки режимде башталат.

Бул тууралуу novosti.kgге калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Андан белгилешкендей, кеп, окуучулардын саны аз болгон жеке менчик жана

муниципалдык билим берүү мекемелери тууралуу болуп жатат. Эми алар

шаардык штабдын чечими менен 7-декабрь, тагыраагы келээрки дүйшөмбүдөн

тартып иштеп баштаса болот. Мэриядан кошумчалашкандай, мектептерди ачуу этап менен уланат.