Билим берүү министрлиги аймактарда 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачат

Билим берүү министрлиги аймактарда 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачат. Мындай мекемелерге ата-энелер балдарын 3 саатка гана калтыра алат. Программага уктоо жана тамак берүү каралган эмес, бирок билим берүү жана өнүктүрүү бар.

 

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар билим берүү начар камтылган алыскы, тоолуу жана чек арага жакын жайгашкан аймактарда ачылат.

 

Программа “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ишке ашып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.