Бүгүнтөн тартып Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы коомдук унааларда тарифтер кымбаттайт.
Түштүк калаадагы маршруттук таксилерде кечки саат 7ге чейин 15 сом, андан кийин 20 сом болот.
Окуучулар 5 сомдон төлөйт. Ал эми мунципалдык транспорт – автобус жана троллейбустарда
мурдагы баа 10 сом бойдон калды. Ал эми Жалал-Абад шаарындагы маршруттук таксилерде мектеп
окуучуларына 5 сом, пенсионерлерге 8 сом болот, ал эми калган жүргүнчүлөр 15 сомдон төлөшү керек.