Ош шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов шайланды. Жалгыз талапкерге 45 депутаттын 43ү макулдугун берип, экөө каршы добуш беришти.
45 жаштагы Мамбетов мэрдин милдетин аткаруучу болуп 2-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган.
Ага чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген.