Кыргызстанда насыя алган адамдардын саны 490 миңден ашты

Кыргызстанда насыя алган адамдардын саны 490 миңден ашты.

Быйыл январдан – сентябрга чейин микрокредиттик компаниялар аркылуу

27 миллиард 400 миллион сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук банктын

маалыматында айтылат. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу

карызы бар адамдардын саны 10 пайызга азайды, бирок бересенин суммасы

тескерисинче, 17 пайызга көбөйдү. Насыя алгандардын көбү Бишкек Ош,

Жалал-Абад жана Чүй облустарында. Акча тиричилик керектөөлөргө,

айыл-чарбасына, соодага жана коомдук тамактанууга алынган.