Таласта 40 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн мектеп ремонттолду

Таласта 40 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн мектеп ремонттолуп, пайдаланууга берилди.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Калба айылындагы мектеп өкмөттүн жана бир катар эл аралык уюмдардын

“Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында модернизацияланды.

Анын негизинде мектептин корпусу жылууланып, имараттын сейсмикалык туруктуулугу бекемделди, жылытуу түзүмү жаңыланып, батареялар орнотулду.