Сузак районуна киргизилген өзгөчө кырдаал дагы 1 айга созулат

Сузак районуна киргизилген өзгөчө кырдаал дагы 1 айга созулат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, кырдаал бейтаптардын абалына жараша болот, андан тышкары

инкубациялык мезгил 20 күн болгондугуна байланыштуу. Аталган аймакта учурда

дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, 18-мартта райондун

3 жашоочусунан коронавирус аныкталгандыктан,

аталган аймакка өзгөчө кырдаал жарыяланды.