Кыргызстанда бул иш жумасы бир күнгө узак болот. Буга чейин Министрлер кабинетинин чечими менен 30-апрель расмий түрдө иш күнү деп жарыяланган. Анын ордуна кыргызстандыктар 1-майдан 9-майга чейин катары менен 9 күн эс алышат.
Андан тышкары, 14-майга туш келген ишемби дагы жумуш күнү болот.