Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга  19 миллион евро бөлүп берет

Европа кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга  19 миллион евро бөлүп берет. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети жактырды.

 

Ага ылайык, каражаттын 14 миллиондон ашыгы 15 жылдык мөөнөткө   1 пайыз үстөгү менен насыя катары, 3 миллиону кайтарымсыз негизже, ал эми калганы техникалык көмөктөшүүгө грант катары берилет. Акча Араван-Ак-Буура каналын оңдоого багытталат.