Кыргызстанга Токаев менен Мирзиёев келет

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанга 26-майда Казакстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылары расмий сапары менен келерин «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Журналист президенттен жаңы салына турчу Ак үй тууралуу сурап жатып, акыркы убакта чет мамлекеттерден жогорку даражалуу мейман келе электигине токтолгон.
«Чакырсаң баары эле келет. Аларды тосконго шартың начар болсо, кантип чакырасың. Былтыр Ысык-Көлдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Жанталашып үч айда резиденциянын ичине конгресс-хол сала калдык. Ошол абийирибизди жапты. Болбосо буга чейин чоң жыйын өткөрүүчү тыңгылыктуу залыбыз жок экен. Быйыл эми президенттер келе башташат. 26-май күнү түшкө чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, түштөн кийин Өзбекстандын башчысы Шавхат Мирзиёев расмий сапары менен келишет. 27-майда ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баары Кыргызстанда болот», — деген Жапаров.
Мамлекет башчы ар нерсенин өз убагы келерин айтып, «бир дагы президент келбеди» дегендерди сабыр кылууга чакырган.