Кыргызстанда былтыр 500дөн ашык кишиге кайрылман макамы берилди

2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Жогорку Кеңештин 22-февралдагы жыйынында билдирди.

 

Мунун 338и тажикстандык кыргыздар, 151и өзбекстандык кыргыздар, алтоо Кытайдан жана он чактысы Ооганстандан келген кыргыздар.

 

Жогорку Кеңештин 22-февралдагы жыйынында депутат Улан Примов демилгелеген “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Талкуу учурунда айрым депутаттар Тажикстан менен болгон жаңжалдарды эске алуу менен ал жактан көчүп келген кыргыздарды да Ооганстандын Памир аймагынан көчүп келген кыргыздар менен бирдей кароого чакырышты.

 

Эл өкүлү Чыңгыз Ажибаев тажикстандан келген кыргыздарга жер тилкесин бөлүп берүүгө жана турак жайдан көмөктөшүүгө үндөдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева ага жооп берип жатып, өкмөттүн бул жаатта пландары бар экенин билдирди.

Министрликтин өкүлүнүн маалыматында, кайрылман программасынын алкагында жалпы 6 миңден ашык этникалык кыргыз Кыргызстандын паспортуна ээ болгон. Алардын теңинен көбү Тажикстандан келгендер.

 

Мурдараак парламенттин жыйындарынын биринде депутат Жанарбек Акаев тек-жайын тастыктоочу документи жок 10 миңдей этникалык кыргыз бар экенин, алар кайрылман катары Кыргызстандын паспортун ала албай жүрүшкөнүн айтып чыккан.