Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы оңдоо иштерине байланыштуу, каттамдагы кыймыл татаалданышы мүмкүн

Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы оңдоо иштерине байланыштуу, каттамдагы кыймыл татаалданышы мүмкүн. Кеп, анын унаа базарына тиешелүү тилкеси тууралуу болуп жатат, — дешти Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.

 

Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга айланма жол сунушталат.

 

Эске салсам, Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоо иштери 4 жыл мурда башталган. Күтүлгөндөй, иштер ушул жылдын ноябрь айына чейин жыйынтыкталат.