Бишкекте 11 миң керектөөчү газсыз калды

Бишкекте 11 миң керектөөчү газсыз калды.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришкендей,

бүгүн, эртең Сухомлинов жана Табалдиев көчөлөр кесилишинде

жайгашкан жер алдындагы түтүктө газдын чыгышын токтотуу иштери жүрөт.

Андан улам төмөнкү Жал кичи районунда, Тынчтык проспектисинде,

Пожарский, Садырбаев, Гагарин, Медеров, Абай, Ахунбаев, Таш-Көмүр,

Ажыбек баатыр көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө көгүлтүр от болбойт.