Бийлик Бишкек — Нарын, Ош — Эркеч-Там жолдоруна акы алынарын билдирди

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги соцтармактагы расмий баракчасына Кыргызстанда акы төлөп жүрө турган унаа жолдордун тизмесин чыгарды.
Мекеме бардык эле жолдорго акы төлөнбөй турганын белгилеген.
«Акы төлөнүүчү жолдор инновация эмес, ал тургай көзгө көрүнгөн келечек да эмес, бул — реалдуу чындык. Анткени бардык магистралдар үчүн жыйым алынбайт, стратегиялык маанилүү коридорлор гана акы төлөнүүчү болот. Бул калктын жашоосуна анчалык деле таасирин тийгизбейт, анткени салыктын өлчөмү минималдуу эмгек акысынан гана каралган», — деп жазылат маалыматта.
Акы төлөп жүрө турган жолдорго төмөнкүлөр кирген:

Бишкек — Нарын — Торугарт;

Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там;

Ош — Сары-Таш — Карамык;

Эркеч-Там — Сары-Таш — Карамык.

Мындан сырткары, акы төлөнүүчү унаа магистралдары 30дан ашуун өлкөдө бар экени айтылган. Министрлик Францияны мисал келтирип, ал жакта жолдун узундугуна жараша акысы 17ден 39 еврого чейин жетерин билдирген.