Улуттук статистикалык комитет алдыдагы эл жана турак жай фондун каттоого толук даяр

Улуттук статистикалык комитет алдыдагы эл жана турак жай фондун каттоого толук даяр.

Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, ишке 28 миңге жакын кызматкер кабыл алынып, семинарлар өткөрүлүп, бардык каржы маселелери чечилген.

Мындан тышкары, пандемия шартында эл каттоону жүргүзүүнүн алгоритми иштелип чыкты.

Эске салсак, жарандарды массалык каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин, өлкөнүн алыскы аймактарында 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт.