Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен күрөшкөндөр сыйланды

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен күрөшкөндөр сыйланды.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ага ылайык, 9 адам алгылыктуу эмгеги үчүн «Даңк» медалына татыды.

Мындан тышкары “Эмгек сиңирген дарыгер” наамы 20дан ашык медицина

кызматкерине ыйгарылды. Ошондой эле 40ка жакын адамга Ардак грамота тапшырылды.

Тизмеде дарыгер, мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, журналисттер бар.