Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр алынды
Калаа мэриясынан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып калаадагы
мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди.
Бирок санитардык талаптарды так сактоо зарыл.
Мындан тышкары, автобустар 1-сентябрдан тарта ишин улантат.
Ал эми кичи автобустар дем алыш күндөрү да каттамга чыгышат.
Курманбек стадиону дүйшөмбүдөн тартып иштеп баштайт.