Кыргызстанда дагы 129 мектептин директорлору дайындалды.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алар бош орундарга сынактык тандоонун негизинде кызматка келишти.
Директорлор Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы мектептерди жетектешет.
Белгилеп кетсек, министрликтин жаңы жобосуна ылайык, билим берүү мекемелеринин жетекчилери эми сынак аркылуу беш жылга гана дайындалат.