Кыргызстанда ушул жума абанын табы -38 градуска түшүшү күтүлүүдө.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-10чу жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындай суук аба ырайы жайыттарда мал кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.