Кыргызстанда 169 миң студент билим алууда.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкөдө 66 жогорку окуу жайы бар.
Алардын 32си мамлекеттик болсо, калганы – жеке менчик.
Ал эми аларда билим алган студенттердин саны 168 миң 935ти түзөт.
Белгилеп кетсек, былтыркы окуу жылында жогорку окуу жайда
билим алгандардын саны 165 миңди түзүп, быйылкы сандан 3 миңге аз болчу