Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадан өтүүдө паспорттук көзөмөлдү жеңилдетүү боюнча макулдашты.
Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн жарандары чек арадан ID-картасын көрсөтүү менен өтө алышат.
Ал эми 16 жашка чейинкилерге паспорт керек болот.
Тиешелүү протоколго 9-декабрда Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлары күтүлүүдө.