Кыргызстанда дары-дармек бааларынын жогорку чеги белгиленет.
Бул тууралуу Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.
Анын айтымында, белгиленген чектен кымбат болгон учурда жарандар
каржы полициясына жана дары-дармек менен камсыздоо департаментине
кайрылса болот. Эске салсак, буга чейин республикада медициналык
каражаттар 20 пайыга чейин кымбатаганы маалым болгон.