Таласта коронавирус жуктуруп алган адам катталды деген маалымат
чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо
министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда,
өлкө боюнча 3 адам вируска кабылды. Андан башка учурлар каттала элек.
Жарандарга бир гана расмий маалыматтарга ишенүү сунушталат.
Белгилеп кетсек, соцтармактарда Таласта коронавирус аныкталгандыгы
тууралуу билдирүүлөр тарады. Жалган маалымат тараткандар
кылмыш жоопкерчилигине тартылат, — дешти ведомстводон.