Кыргызстан Россиядан 1 миң тоннадан ашык буудай сатып алды

Кыргызстан Россиядан 1 миң тоннадан ашык буудай сатып алды. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, 15 вагон менен 1 миң 28 тонна буудай Кара-Балта шаарындагы мамлекеттик кампага жеткирилди.

 

Материалдык резервдер фонду Россиянын азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Ушул жуманын ичинде дагы 36 вагонго жүктөлгөн буудай темир жол аркылуу келет. Калган бөлүгү майдын аягына чейин жеткирилет.