Ош облусунда топтошуп жаратылышка чыгып эс алууга болбойт.
Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган көрүнүштөр катталбашы үчүн милиция кызматкерлери
күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Учурда Ош-Гүлчө, Ош-Папан, Ош-Өзгөн жана
Ош-Ноокат унаа жолдорунда көчмө посттор иштеп жатат. Эске салсак,
быйыл 10, 20, 30 жылдык жолугушуу жана 11-класстын бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө болбойт.
Азем өткөрүүгө топтолгондор аныкталса мыйзам чегинде чара көрүлөт.