Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрү жанданды

Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрү жанданды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-майдан тартып

20 миңге жакын ишкана, мекемелер ачылып, аларда иштеген

120 миң адам жумушка чыгарын билдирген. Жалпысынан жети

тармакка иштегенге уруксат берилди. Алар курулуш, өнөр жай,

техникалык тейлөө, дүңүнөн соода жүгүзүү, нотариус, такси жана

чач-тарач кызматтары. Мындан улам кыймылга тоскоолдук

жаратпашы үчүн карантиндик-санитардык тосмолор алынды.