Ош шаарында 7 тармактын иштөөсүнө уруксаат берилди.
Мэр Таалайбек Сарыбашовдун айтымында, бүгүнтөн тарта өнөр жай,
курулуш, транспорт каражаттарын оңдоо, нотариус, соода-сатык,
сулуулук салондору жана такси кызматтары иштеп баштады.
Жеке таксисттер мэрияга кат менен кайрылса, аларга өткөрмө
кагаз алууга жардам берилет. Мэр белгилегендей,
шаарда эпидемиологиялык абал туруктуу.