Мамлекеттик каттоо кызматы ID-картаны акысыз ала турган жарандардын категориясын аныктады

Мамлекеттик каттоо кызматы ID-картаны акысыз ала турган жарандардын категориясын аныктады.

Мындай акция толук мамлекеттин карамагындагы жана социалдык мекемелерде жашаган 16 жаштагы балдарга,

бардык топтогу майыптарга, 70 жаштан жогорку пенсионерлерге жана 18 жашка чейинки толук жетимдерге тиешелүү болот.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун жана  Баткен окуяларынын катышуучулары дагы акысыз документтерди ала алышат.

ID- карталарды бекер ыйгаруу кампаниясы 31-августка чейин созулат.