Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу бир тараптуу ачылды

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу бир тараптуу ачылды.

Тилке толугу менен тазаланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,

иштерге кызматкерлер жана оор техникалар тартылды. Эске салсак, кечээ катуу жааган

жаандан улам сел жүрүп трассанын 245-чакырымындагы бир тарабы

кум шагылга толуп калган. Учурда жол кыймылга ачык.