Кыргызстанда электр энергиясына тариф 35 пайызга кымбаттады.
Өкмөт жарыялаган токтомдо белгиленгендей, өзгөртүүлөр бюджеттик өнөр жай, айыл чарба жана башка турак жай эмес керектөөчүлөргө тиешелүү.
Бул категориядагылар учурда бир киловатт/саат үчүн 2 сом 52 тыйындан төлөшөт.
Ал эми 28-декабрдан тарта тариф 1 киловатт үчүн 3 сом 40 тыйын болот.